www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Ишкердик чөйрөдө өз ара кызматташууну күчөтүү — евразиялык интеграциянын негизги артыкчылыгы. Бул тууралуу Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун Москвадагы съездинде Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия башчысы Бакытжан Сагинтаев билдиргенин ЕЭКтин маалымат кызматы кабарларды.

Сагинтаев евразиялык интеграциянын артыкчылыктуу багытын ишке ашырууда ишкерлер союзунун маанилүү ролун белгиледи. Анын айтымында, ЕАЭБде бизнес климатты жакшыртуу үчүн мыйзамдык база тынымсыз өркүндөтүлүп, өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктар жоюлууда.

Ошондой эле ЕЭК башчысы өнөр жай кооперацияларынын долбоорлорун каржылоого кеңири токтолду. Быйыл буга 1,8 миллиард рублге жакын каражат бөлүнгөн.

"Сагинтаев бизнес-коомчулукту бул программага активдүү катышууга чакырды. Эл аралык алдыңкы стандарттарга жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү жана экспортко багытталган продукцияны өндүрүү дүйнөлүк аренада ЕАЭБдин позициясын бекемдөөгө өбөлгө болорун баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Ал комиссиянын иши ЕАЭБдин интеграциялык потенциалын ишкерлер болушунча кенен жана натыйжалуу пайдалануусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталганын кошумчалады.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости