www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Кочкор районуна жана Балыкчы шаарына барып, жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.
Иш сапар жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке киргизүү, мектептерди ноутбуктар менен камсыз кылуу, ошондой эле Билим берүү министрлигинин «Алтын Казык» программасынын алкагында санариптик билим берүү платформаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында уюштурулду.
Жолугушууларда жаңы окуу китептерин колдонуу, санариптик билим берүү ресурстарын пайдалануу, жер-жерлерде жаралып жаткан көйгөйлөр жана түшүнбөстүктөр талкууланды. Ошондой эле онлайн-платформалар аркылуу педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Эдил Байсалов мугалимдерден келип түшкөн сунуш-пикирлер билим берүү реформаларын ийгиликтүү ишке ашырууда маанилүү роль ойной турганын белгилеп, айтылган сын-пикирлердин бардыгы жалпыланып, мындан аркы иште эске алынарын билдирди.
Иш-чараларга Билим берүү министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.