www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Эдил мырза, Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-мартта ММК жыйынында "Эдичка калп айтып көнгөн" деди, калпычысызбы?

--Атамбаев мен жөнүндө жооп берип атып, "душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүруп айтат" деди. Көрсө жалгыз ал гана Жээнбековко чындыкты айтат экен. Биз болсо жөн эле чөп салып атыптырбыз, жагалданып. Ушул сөзду кимдип башка бирөө айтса, жана башка бирөөнүн дарегине айтса болмок. Мен дайыма, кайсы кана бийлик болбосун, элдин таламын талашып, урууну уруу деп, калпты калп деп келетам. Мен кошоматчы болсом Атамбаев же Бакиев эмес, Майрам Дүйшөновна мени жанына чакырганда - ошондон бери эле жүрмөкмүн бийликте. Эми ушул Атамбаевдин партиясынын жүзү азыр - Бакиевтин учурунда эң жийиркеничтүү сөздөр менен КСДП менен оппозицияны шыбаган "бешинчи каналдын" Бердниковасы болуп жүрбөйбү! Андан жийиркенбейби Атамбаев? Сооронбай Жээнбеков бийлигине келгенине төрт ай дагы боло элек. Атамбаев аны өзү тандап дайындаганына карабай, душман оппозициядан бешбетер эштеке боло электе сындап талкалап атат. Мына бүгүн "Бишкек ЖЭБиндеги аварияга Жээнбеков күнөлүү" деп айтты. Мен жөнүндө болсо "шайлоо учурунда Жээнбековко каршы иштеген" дейт. Мен шайлоо учурунда так ошол Атамбаевдин туңгуюк жолун улабашыбыз керек деп айткам. Жеке Сооронбай Жээнбеков жөнүндө бир дагы сөз айткан эмесмин. Мен Атамбаевдин коррупцияга малынып калганын, анын бийлиги Акаев менен Бакиевдин элге он эсе зыян келтиргенин акыркы төрт жыл какшап келдим. Албетте, мен сүйүнөм ушул Атамбаевтин бийлиги аяктаганына, ага ичи күйбөсүн. Жанагы арак ичкени боюнча калп деп айта алган жок, байкасаңар. Айталбайт дагы. Анткени мен аны жакын тааныган далай үзөңгүлөш саясатчылардай далай өз көзүм менен көргөм ичип калганда кандай болоорун. Эми ичкенин коюңуз. Бүгүн сүйлөгөн сөзү соо кишиникиби? Бүгүн Алмазбек Атамбаев экс-президент деген эң улуу статустан баш тартып, муруңку "Ак Жол", "Алга, Кыргызстандын" кейпиң кийген партиясын жетектөөнү тандап алды. Ага эки жолу ишенип, төңкөрүшкө барган эл - үчүнчү жолу уруксат бербейт!

--Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости