www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенко КМШга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин бейформал жолугушуусунан кийин Беларуска жеткирилген «Орешник» ракеталык комплекстеринин саны тууралуу суроого жооп берди.
Журналисттин «Россия президенти менен сүйлөшүлгөндөй онго жакын комплекс берилдиби?» деген суроосуна Александр Лукашенко жылмая жооп берип, «он — эң жогорку чек болушу мүмкүн» экенин белгиледи.
Бул суроо бир жыл мурдагы билдирүүгө шилтеме болгон. Анда Беларус жетекчиси өлкөгө болжол менен он «Орешник» комплекси жеткирилиши мүмкүн экенин айтып, Россия тарап кааласа алардын саны көбөйүшү ыктымал экенин кошумчалаган.
Ошол маекте Россиянын президенти Владимир Путин да жанында болуп, бул сөздөрдү угуп, тамаша иретинде: «Он — бул…» деп, эки колун өйдө көтөргөнү белгилүү.
Кийинчерээк, быйыл январь айында Александр Лукашенко бул билдирүүсүнө тактоо киргизип, «он комплекс» тууралуу айтканы тамаша болгонун түшүндүргөн. Анын айтымында, мындай курал-жарактар өтө чоң чыгымдарды талап кылат жана Россиянын өнөр жайы «Орешник» менен гана чектелбейт. Ошол эле учурда, Беларус үчүн бир эле «Орешник» комплекси коопсуздукту камсыздоого жетиштүү экенин, бирок мындай системалар Россияга да зарыл экенин баса белгилеген.