www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелет. Бул тууралуу Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды.

Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча нефтебазаларда жана май куючу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө бар.

Мындан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 2 млн литр дизель дыйкан-фермерлерге 74 сомдон берип жатат. Ал эми кадимки май куючу жайларда дизелдин баасы 78-80 сомду түзөт.

Жыйында быйыл күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралбайт деген божомол бар экендиги айтылды.

Последние новости