www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев 7-апрелде 10 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековго бир катар талаптарды койгону жатыптыр. Сиз да “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөсү элеңиз, бул митингге катышасызбы?
- Мен “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен чыгып кеткем. Азыр биздин башка уюмубуз бар. Ал эми митинг тууралуу айтсам, азыр Кыргызстанга анын кереги жок. Өлкөбүзгө тынчтык керек. Биз 7-апрелде эң оор жаракат алгандар “Жал” кичи районунда турабыз. Акыркы 8 жылда бизге жеткиликтүү көңүл бурулган жок. Ызы-чууну коюп, бизге окшогон жаракат алгандарга көңүл бурса болмок. Буга чейин М.Мискенбаев менен да сүйлөштүм. Ал негедир Фарид Ниязовдун сөзүнө кирип алыптыр.
- Ишке киришкенине 100 күндөн эми эле өткөн президентке талаптарды коюу канчалык негиздүү?
- Президентке убакыт бериш керек. Азыр эле чыга калып аны беттен алган туура эмес. Ар кандай талаптарды койгонго деле каршыбыз. Убакыт берели, иштесин. Ал эми анын инисине асылганы чекилик болуп жатат. Керек болсо Асылбек Жээнбеков агасы үчүн спикерлик ордун бошотуп берип, жөнөкөй депутат болуп алды.
Булак: NazarNews.kg