www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кандайдыр бир интригалуу маселеге парламенттен добуш берилсе эле тизмени көзү кызарганча тиктеген, анан жыйынтык чыгара салууга ынтызарланган эргулдар бар. Алар дайыма өзүнө ыңгайлуу жагдайга башын катууга кызыктар.
Анткени ошол “көмөгү” аркасында ички талабын ишке ашырат. Дегинкисинде, аңдымай оюнду ойногондор толуп кетти. Кожоюнунун көңүлүнө көлөкө түшүргөн же багытына туура келбеген маалыматтарга атакасын заматта баштап жиберүүгө даяр тургандар команданы гана күтүшөт суткалап.
Өткөндө президенттин кол тийбестигин “шалдатууга” карата добуш парламентте коюлду. Баягы коендой элеңдеген депутаттар макулмун деген кнопканы илгиртпей басышты. Ал эми каршымын деп добуш бергендерди душман катары санап калышканына таң калбай деле калдык. Себеби, мурдагы ажого дили, ишеничи ак эл өкүлдөрү ошентип добушун берди. Минтүүгө эч ким каршылык кыла албайт. Анткени ким түшкөн сунушка каршы болсо өз эрки. Алмазбек Атамбаевдин партиянын төрагасы экендигинен шек санабаган Чыныбай Турсунбековду, Асел Кодуранованы, Бакыт Жетигеновду, Мурадыл Мадеминовду, Марат Аманкуловду, Анвар Артыковду, Ирина Карамушкинаны, Азамат Арапбаевди анда азыркы бийликтин душманы деп эсептей берсек болобу? Мындай ойго жетеленсек мажирөөлүк болуп калат го? Кечээги айкын ниетинен кырдаалга карап чегине берсе адамкерчиликтин кеткени болуп калат? Же абийирден өткөн адамда башка сапат барбы? Жалакорлук, эки жүздүүлүк эч кимди жакшы атка кондурган эмес. Ошондуктан болуп жаткан көрүнүштөргө акыл калчап мамиле кылышыбыз кажет.
Булак: "Ачык сөз"