www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал глобалдык азык-түлүк кризисине алып келиши мүмкүн. Анын натыйжасында 2026-жылдын июнуна чейин болжол менен 45 миллион адам катуу ачарчылык абалына туш болушу ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сатктоо уюму (ДСУ) билдирет.
Адистер кризистин негизги себептери катары азык-түлүктүн, нефтинин жана транспорт кызматтарынын баасынын өсүшүн, ошондой эле жер семирткичтердин, айрыкча айыл чарбасында колдонулган карбамиддин жеткирүүлөрүндөгү үзгүлтүктөрдү аташат. Азыр дүйнөлүк бул азоттук жер семирткичтин запастарынын дээрлик жарымы Ормуз кысыгы аркылуу өтүп жатып, керектөөчүлөргө жетпей калууда.
Согуш жана кысыктын жабылышы Азиядагы бир катар өлкөлөрдө жер семирткич чыгаруучу ишканалардын ишине таасир этти. Натыйжада карбамиддин баасы 40% дан ашык кымбаттады. Логистикадагы көйгөйлөр азык-түлүк жеткирүүлөрүнүн кечеңдешине жана дүкөндөрдө баалардын өсүшүнө алып келүүдө.
Food and Agriculture Organization (FAO) жана ВОЗдун маалыматына ылайык, азык-түлүк жетишсиздигине туш болгон адамдардын саны буга чейин эле рекорддук деңгээлге жетип, 319 миллион адамдан ашты. Абалды климаттык факторлор да оорлотууда: АКШда күздүк эгиндердин абалы болгону 45% деңгээлде канааттандырарлык деп бааланууда, ал эми Россияда кургакчылык жана температуралык аномалиялар коркунучу сакталууда.
Мындан тышкары, жаңжал массалык көчүүлөргө да себеп болууда. **UNHCR (БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы)**нын маалыматына караганда, Иранда 1 миллионго чейин адам үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушу мүмкүн, ал эми 800 миңге чейин афганстандык кайрадан Афганистанга өтүшү ыктымал.
Гуманитардык уюмдар жардам жеткирүү маршруттарын өзгөртүп жатышат, бирок чек аралардагы чектөөлөр жана логистикадагы үзгүлтүктөр негизги азык-түлүктү жеткирүүгө олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда.
Адистер эгерде жаңжал жакынкы айларда жөнгө салынбаса, анын кесепеттери азык-түлүк коопсуздугуна дүйнө жүзү боюнча таасир этерин, баалар кескин өсүп, миллиондогон адамдардын жашоо шарттары начарлай турганын эскертишүүдө.