www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— АКШ ушул эки жуманын ичинде Иранга каршы бардык чабуулдарды токтотот. Эгерде Иран ошол эле мөөнөткө Ормуз кысыгын ачса, - деп билдирди америкалык лидер.
Трамптын айтымында, өзүнүн «кыйратуучу күчүн убактылуу токтотууну» Пакистан суранган. Ошондой эле ал АКШ ок атууну токтотуп жатканын, анткени америкалыктар «аскердик максаттардын баарын аткарып гана тим болбостон, ашыгы менен аткарып койгонун» белгиледи.
Иран да тынчтыкка даяр экенин мамлекеттик маалымат агенттиги билдирген. Бирок билдирүүдө Иран АКШны өзүнүн он пункттан турган толук согушту токтотуу планына макул кылууга жетишип, «чоң жеңишке» жеткени айтылат. Бул план мурда Пакистан аркылуу АКШга берилген. Анын ичинде Иранга каршы санкцияларды алып салуу жана Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелер үчүн төлөм киргизүү сыяктуу талаптар бар. Трамп бул документти «сүйлөшүүлөр үчүн иштей турган негиз» деп атады.