www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө мунай, геосаясат жана дүйнөлүк финансылык тартип үчүн күрөш катуу жүрүүдө. Бул көрүнүш 1970-жылдардан тарта мунай долларга байлангандан бери дээрлик 50 жылдан бери боло элек болчу.
Башкача айтканда, 1973-жылдагы мунай кризисинен кийин АКШ менен Сауд Арабиясы экономикалык жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты чыңдоосунан доллар өрүш алды.
Сауд Арабиясы дүйнөдөгү эң ири мунай экспорттоочулардын бири катары доллардын энергетикалык рыноктогу ролун, дүйнөлүк финансылык системадагы үстөмдүгүн бекемдеди.
Натыйжада дүйнө өлкөлөрү мунай сатып алуу үчүн долларга муктаж болуп, ал эми долларга болгон суроо-талап АКШ валютасына өзгөчө артыкчылык берди.
Арийне, доллар дагы эле дүйнөнүн негизги резервдик валютасы бойдон калууда. Эл аралык валюта фондунун (IMF) маалыматы боюнча, учурда дүйнөлүк расмий валюталык резервдердин болжол менен 57%ы АКШ долларында сакталат.
Ал эми дүйнөлүк резервдердин жалпы көлөмү 13 триллион доллардан ашат. Евро экинчи орунда болуп, анын үлүшү болжол менен 20% тегерегинде турат.
Акыркы жылдары айрым мамлекеттер доллардын үстөмдүгүн басаңдатуу максатында соода жүгүртүүдө улуттук валюталарды көбүрөөк колдонууга аракет кылууда.
Бирок мындай аракеттер Америкага жакпай, доллардан баш тартууну көздөгөн өлкөлөрдү ар түркүн шылтоо менен басып алып, экономикасын кыйраткан учурлар арбын.
Айталы, 2000-жылы Ирак мунай экспортун БУУнун «Oil-for-Food» программасынын алкагында доллардан еврого өткөргөн. Ошондон көп өтпөй, 2003-жылы АКШ баштаган НАТОнун Иракка жасаган аскердик операциясынан кийин Саддам Хусейн бийликтен кулатылып, өлүм жазасына тартылган.
Мындай абал Ливияда өкүм сүрдү. 2009-жылы Муаммар Каддафи Африка үчүн алтын менен камсыздалган жалпы валютаны түзүү идеясын көтөргөн. Ливиянын алтын резерви ошол мезгилде болжол менен 140 тоннадан ашык болгон.
Идея ишке ашса, доллар кунсузданып, Африкадагы айрым өлкөлөрдүн финансылык көз карандысыздыгы турукташмак. Натыйжада, 2011-жылы Ливияда Америка баштаган НАТО операциясынан кийин Каддафи бийликтен кулап, өлтүрүлгөн. Алтын динар долбоору ишке ашпай калды.
Акыркы жылдары BRICS өлкөлөрү – Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка долларга болгон көз карандылыкты азайтуу маселесин көтөрүп келишет.
Уюмдун кеңейиши менен бул топтун дүйнөлүк экономикадагы салмагы дагы өстү. BRICS өлкөлөрүнүн негизги максаты – долларды толугу менен жок кылуу эмес, альтернативдүү төлөм каналдарын жана эсептешүү механизмдерин көбөйтүү.
Азыркы тапта дүйнөлүк экономиканын борбору акырындап өзгөрүп жатат. Кытай дүйнөнүн экинчи ири экономикасы катары юандын ролун кеңейтүүгө аракет кылууда. Мисалы, Россия менен Кытай энергия соодасында юанды көбүрөөк колдонуп жатат.
Ошондой эле, Индия Россиянын мунайын рупий менен сатып алууда. Сауд Арабиясы Кытай менен болгон соодада юанга оой баштады. Акыркы согуш 28-февралда башталгандан бери Иран мунайын Кытай юаны менен сатып, Ормуз кысыгынан өтүү төлөмдөрүн Bitcoin аркылуу кабыл алып жатат.
Ирактын парламенти 2025-жылы мунай соодасынын айрым бөлүгүн доллардын ордуна ирак динары менен жүргүзүүнү колдоду.
Демек, долларга болгон мамиле мурдагыдай ишеним жаратпай, дүйнө экономикасын каржылык-финансылык системада чоң өзгөрүүлөр орун алууда. Бир кездери XX кылымдын башында дүйнөнүн эң күчтүү империясы болгон Улуу Британиянын фунт стерлингги эл аралык сооданын негизги валютасы эле.
Бирок эки дүйнөлүк согуштан кийин Британиянын карызы көбөйүп, экономикалык күчү азайды. 1944-жылдагы Бреттон-Вудс конференциясынан кийин доллар дүйнөнүн негизги валютасына айланды.
Бүгүнкү көрүнүш доллардын дароо кулашы эмес, дүйнөнүн акырындап көп валюталуу системага өтүшү шарттап жатат. Арийне, АКШ доллары азыр дагы дүйнөлүк резервдердин жарымынан көбүн ээлейт.
Бирок Кытайдын өсүшү, BRICSтин кеңейиши, алтынга болгон кызыгуунун артышы жана улуттук валюталардагы сооданын көбөйүшү жаңы доордун калыптандырууда.
Келечектеги күрөш мунай үчүн гана эмес, дүйнөлүк акча агымдарын ким башкарат, кимдин валютасына ишеним көбүрөөк болот жана XXI кылымдын финансылык эрежелерин ким жазат деген суроонун айланасында жүрөт.
Дүйнөлүк тарыхта империялар көбүнчө согушта эмес, экономикалык артыкчылыгын жоготкондо алсырайт.
Ошондуктан доллардын келечеги Вашингтондун гана эмес, бүт дүйнөлүк экономиканын келечегин аныктай турган чоң маселе десек жарашат.