www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6–8 саатта каттай турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда.
Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы темир жолдун ишке берилиши Бишкек – Ош унаа жолу жана Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолундагы транспорттук жүктөмдү азайтууга жардам берет.
Ошондой эле күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир жол аркылуу ташууга шарт түзүлөт.
Мындан тышкары, жаңы каттам аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу да каралууда.
Азамат Сакиев белгилегендей, долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгы даяр болушу керек.