www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель революциясында элдин алдында жүргөн Доктурбай деген аксакал болгон. Бул аксакал мурунку президент А. Атамбаевдин айылдашы. Атамбаев десе баарына даяр болчу адамдардын бири эле. Доктурбай аксакал менен телефондо сүйлөшүп, анын айтчу сөздөрү көп экенин байкап, атайын Арашанга барып, таза абада аксакал менен маек куруп, анын айталбай жүргөн арманын уктум. Аксакал дагы катуу жарылды…

— Алмазбек Атамбаев “Мен башынан эле доллар менен мультимиллионермин” деп бүтүндөй коомчулукка мактанбадыбы. Ата-бабалары колунда бар адамдар болгонбу? Өзүнүн абалы кандай болчу?

— Алмаз элден айырмаланбай эле жашаган. Байлыгы деле биздей болчу. Акаевден жазуучуларга делген 50 млн рублди Чыңгыз Айтматов Атамбаевге алып берет экен. Ошол акча менен байыды. Атасынын деле эч нерсеси жок болчу. Атасы Шаршен чечендин акчасын жеп коюп соттолгон деп жатпаймынбы. Байлыгы бар адам бирөөнүн акчасын жеп коймок беле? Шаршендин бир тууганы Абышка деген болгон. Ал дагы соттолгон.

Маектешкен  Наралы Асанбаев

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости