www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Кыргызстанда көк бөрүнү жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган даярдыктар жүрүп жатат. Чолпон-Ата шаарында күйөрмандарга оюнду жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк берген жаңы көк бөрү майданы курулууда.
Бул тууралуу «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, жаңы майдан көрүүчүлөрдүн оюнга болгон кызыгуусун арттырып, көк бөрүнүн популярдуулугун жогорулатууга шарт түзөт.
«Көрүүчү өзүн спортчулар менен бирге оюнга катышып жаткандай сезет. Биз көк бөрүнү жаңы деңгээлге чыгарууну көздөп, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшөкеев менен биргеликте аны дүйнөлүк стандарттарга алып келүүнү максат кылганбыз», — деп белгилеген Салымбеков.
Ал көк бөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин жаңы дем алып, мындан ары дагы өнүгөт деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле Аскар Салымбеков Кырчын жайлоосунда, «Дордой Номадда» жана Чолпон-Атада оюндарды өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктын жогорку деңгээлин белгиледи.
Мындан тышкары, ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири — «Бишкек Аренада» өтөрүн белгилеп, иш-чарага 50 миңге чейин көрүүчү катышарын жазды.
Анын маалыматына караганда, стадион рекорддук мөөнөттө — эки жылдын ичинде курулган.
Салымбеков мындай ири спорттук иш-чаралар Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.