www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы 5-ноябрда № 5 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгусу келген Нурбаев Мирлан Паязидиновичти каттоодон баш тартты.
Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 3-ноябрь жана 5-ноябрдагы маалым каттарына ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ктекшерүүнүн натыйжасында 1983-жылы 30-апрелде туулган М.Нурбаев "Араван-Зекет" диний кайрымдуулук фондунун директору, "Ас-Сафа" диний кайрымдуулук фондунун екулу катары көп жылдан бери иштегени аныкталган.
Нурбаев 26-сентябрда өзүн диний ишмер эмес экенин билдирген.
Документ кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ М.Нурбаевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу талаптарга ылайык келбестигин анықтап, аны депутаттытыкка талапкер катары каттабоону сунуштаган.
5-ноябрда жумушчу топтун отурумуна М.Нурбаев да катышкан.
Мыйзамга ылайык диний ишмерлер диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.
Жыйынтыгында БШК Нурбаевди депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты.