www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Диктатор» Си Цзинпин экенин Байден бекемдеди

Жолугушуу аяктап Си узаган соң, Байденден «Си Цзинпинди диктатор дебедиңиз беле?» деген суроо беришти. «Диктатор» деп жооп берди Байден.«Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда АКШ президенти Байден жана Кытайдын лидери Си Цзинпин жолугушуп, төрт сааттан ашык убакыт сүйлөшкөн. Байден кытайлык жолбашчыны Сан-Францисконун түштүгүндөгү кабыл алды. Байден жолугушуунун башында Кытайдын лидери менен өз ара түшүнүшүүгө жетишкенин белгиледи.
Маалымат жыйынында Байден сүйлөшүүлөр "конструктивдүү жана жемиштүү" болгонун айтты. Анын сөзүнө караганда, эки лидер Кытайда өндүрүлүп, АКШга мыйзамсыз сатылып, миңдеген америкалыктардын тагдырын талкалап жаткан жасалма баңгизат - фентанилди көзөмөлдөөнү макулдашты. Байден  эки өлкөнүн аскердик мекемелери ортосундагы байланышты калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди.

АКШ президенти Кытайдын лидери менен сүйлөшүүдө Орусия Украина согушун, Тайван маселесин жана Израилдин ХАМАС менен согушун талкуулашканын ачык айтты.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости