www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга кайрылып, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.

Министрликтин маалыматка ылайык, бүгүн, 13-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык.

Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурларда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошол эле кезде министрлик тарабынан 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.

«Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууну унутпаңыз», — деп айтылат маалыматта.

Последние новости