www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек милициясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Лира Акунованын туугандарын 1988-жылы туулган С.И. аттуу кызын жана 1998-жылы туулган Ш.Т. аттуу жээнин кармашты.
Милиция билдиргендей, кармалгандар шайлоочулардын добушун сатып алууну уюштурууга шектелүүдө.
«Добуш сатып алуу үчүн 360 миң сом алуу фактысы аныкталды», - деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча добуш сатып алуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
26-ноябрда С.И. жана Ш.Т.га сырттан айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, аларга издөө жарыяланган болчу.
Биринчи май райондук соту шектүүлөргө карата 23-декабрга чейин «СИЗО-1де» кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандады.
Лира Акунова дагы талапкерлигин алды. Ал №22 округда талапкер болчу.