www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Сузак районундагы жана Манас шаарындагы көйгөйлөрдү талкуулашты. 

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Кылычбаев, Жылдыз Курманалиева жана Мавлюда Калбердиева тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугуп, Сузак районундагы жана Манас шаарындагы көйгөйлөрдү талкуулашты.

Жыйынга Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда негизинен Багыш жана Көк-Арт айыл аймактары аркылуу өтө турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору жана жаңы курулуп жаткан эл аралык аэропорттун аймагындагы турак-жайлардын кенемте маселеси каралды.

Эл өкүлдөрү кенемте боюнча толук маалымат жеткирүү, турак-жайларды баалоодо базар баасын эске алуу жана үлүш жерлерге да кенемте төлөө боюнча жашоочулардын кайрылууларына токтолушту. Ошондой эле жаңы аба майданынын айланасында салынып жаткан ирригациялык каналдардын курулушу да кечигип жатканы тууралуу нааразылыктар келип түшкөнүн билдиришти.

Мындан тышкары Сузак районунун Кара-Алма айылында курула турган суу сактагыч маселеси талкууланып, Барпы – Сафаровка жолунун курулушундагы коопсуздук көйгөйлөрү жана Багыш айыл аймагында шагыл казуунун натыйжасында пайда болгон кооптуу чуңкурларга мал жандыктар түшүп кетип жатканы тууралуу кеп болду.

Талкуунун жыйынтыгында айтылган маселелердин маанилүүлүгү белгиленип, тез арада тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди.

Последние новости