www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Советбек Рустамбек уулу, Токтобүбү Ашымбаева жана Ырысбек Атажанов мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда бала бакча жана мектептердеги билим берүүнүн учурдагы абалы, көйгөйлөр жана аларды мыйзамдык деңгээлде чечүү жолдору талкууланды.

Депутаттар билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдарды учур талабына ылайык өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү уюмдары үчүн бирдей жана ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси көтөрүлдү.

Жеке бала бакчалардын өкүлдөрү үй тибиндеги бала бакчаларда балдардын санын 25тен 50гө чейин көбөйтүү сунушун айтышты. Учурдагы чектөөдөн улам айрым уюмдар ишин токтотууга аргасыз болуп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, жеке менчик мектептер жана бала бакчалар үчүн электр энергиясынын тарифтерин кайра карап чыгып, аларды социалдык керектөөчүлөрдүн категориясына киргизүү, ошондой эле суу керектөөнүн белгиленген 80 куб метр чегин жогорулатуу сунушталды.

Жолугушууда жеке менчик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга шарт түзүү, алардын ишмердүүлүгүн салыктык тескөө, ошондой эле кызматкерлердин жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды камтыган санариптик эмгек китепчесин киргизүү маселелери да талкууланды.

Депутаттар айтылган сунуштарды тиешелүү мыйзамдык чечимдерди иштеп чыгууда эске алуу зарылдыгын белгилешти.

Последние новости