www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев айрым мамлекеттик кызматкерлер инвесторлордон акча талап кылып, кен байлыктар тармагына өздөрүнө жакын адамдарды жайгаштырып жатканын билдирди.
Ал Башкы прокуратурадан бул фактыларды текшерүүнү өтүндү. Депутаттын айтымында, “Кыргыз көмүр” ишканасына байланышкан мурдагы жетекчи боюнча да шектүү жагдайлар бар жана ал кайра бошотулганы түшүнүксүз болуп жатканын айтты.
Сыдыгалиев ошондой эле Миң-Куштагы кытайлык компаниядан мамлекеттик кызматкер Фархат Иминов 2 миллион доллар талап кылган болушу мүмкүн деген маалымат бар экенин айтып, бул боюнча колунда далилдер бар экенин кошумчалады.
Фархат Иминов 2025-жылдын апрелинде Инвестициялар агенттигинин директору болуп дайындалган, кийин 2026-жылдын июнунда санарип активдер багыты боюнча улуттук агенттикти жетектөөгө келген.
Ал тараптан же тиешелүү мекемелерден бул айыптоолор боюнча азырынча расмий комментарий бериле элек.