www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Илита” депутат Кожобек Рыспаевдин туугандары ооруканага түшүп калып, 10 күндөн бери ал жакта жүрүп калыптыр. Мындан улам депутат ооруканалардын маселесин бүгүн, 30-октябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында көтөрүп чыкты.

- Мына кардиологиялык клиниканы карагыла, ымыркай балдар болгону 4 эле койкада жатат. Эшикке чыксаң 25 ата-эне ыйлап турат. Тез арада операция болуп атса, дагы төртөө күтүп турат. Лифттери үзүлүп кетип иштебей калып жатат. Мына ушул абалга жетип калыптырбыз, -деп Рыспаев адатынча күпүлдөп салды.

Бул пикири менен бирге Рыспаев премьер-министр жана каалоочу депутаттардын катышуусунда жеринен барып ооруканалар менен таанышуу сунушун киргизди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости