www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Рахат Жунушбаеванын лифт бизнеси кыйрадыбы?

Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондору жана Каракол шаарынан Жогорку Кеңешке Рахат Жунушбаева “акчасын самандай сапырып” жатып депутат болуп келди. Бирок андан бери элдин көйгөйүн көтөрүп, мамлекеттик олуттуу жарк эткен идея, сунуш,  мыйзам демилгелегенге жарай элек. 

Албетте, маселени түшүнгөнгө дээр, деңгээл дагы талап кылынат эмеспи. Балким, ошол жагынан аксап жаткандыр. 

Арийне, бул депутат айымдын мурунку күйөөсү менен эки ажырымга түшүп, анын лифт чыгарган бизнестерин өзүнө ыйгарып алганы учурунда аябай катуу дүң болгон. Ал чуунун аягы азыр дагы үзүлбөй, мурунку күйөөсү утур-утур шардана кылып калат. 

Айткандай, Рахат айым депутат болуп келгенде, бир канча курулуш компания ээлеринин “Жунушбаева лифт коюп бербей же акчадан жок сызга отуруп кеткенин” айтышып, укук коргоо органдарына, президентке чейин даттанышкан жайы бар. 

Сыягы, депутат болуп ошол бизнесин коргоп, өркүндөтөйүн деп келсе керек, эл деген үнүн угулбай, бары-жогу белгисиз болуп жатканына караганда... Өкүнүчтүүсү, какаганга муштаган болуп, лифт бизнеси дагы ойрон болгону калганы айтылып жатат. Ошол үчүн курулуш компаниялары менен түзгөн келишимин аткара албай, лифт коюп бере албай жаткан көрүнөт. 

Дегенибиз, лифт чыгарууга тиешлүү жабдууларды Кореядан, Түркиядан алып келе албай жатканы сөз болууда. Анткени бизнес чырына байланыштуу аталган өлкөлөр кызматташуудан баш тартышып, иштешпей жаткандыктан керектүү жабдууларды алалбай, бизнеси кыйроо алдында турганы айтылууда. 

Бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсың дегендей, мурунку жолдошунун муң-зары оңой эмес кесепетке кириптер кылып жаткан болбосун? Жашоо бумеранг деп бекеринен айтылбаса керек да...

Последние новости