www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын Бонн шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) көмөкчү органдарынын 64-сессиясы (SB64) өз ишин баштады.

Иш-чарага дүйнөнүн 190го жакын өлкөсүнөн делегациялар катышууда.

Жыйындын негизги максаты – климаттык саясат боюнча келечектеги чечимдерди иштеп чыгуу жана Түркиянын Анталия шаарында өтө турган COP31 климаттык саммитине даярдык көрүү.

Кыргызстандын делегациясын Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектөөдө. Ал Тоолуу өлкөлөрдүн тобун түзгөн 11 мамлекеттин атынан пленардык жыйында сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине эң көп дуушар болгон тоолуу мамлекеттер үчүн климаттык каржылоону, заманбап технологияларды жана эрте эскертүү системаларын кеңейтүүгө чакырды.

Динара Кемелова тоолуу аймактар суу коопсуздугун камсыздоодо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо, азык-түлүк системаларынын туруктуулугун бекемдөөдө жана энергетика тармагында маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Ошондой эле Тоолуу өлкөлөр тобу бардык делегацияларды 12-июнда Бонн шаарында өтө турган тоолуу аймактар жана климаттын өзгөрүшү боюнча Эл аралык диалогго катышууга чакырып, бул аянтчаны жыл сайын өткөрүү демилгесин колдоого үндөдү.

Конференциянын алкагында Кыргызстандын делегациясы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Аткаруучу катчысы Саймон Стилл, ошондой эле COP31ге төрагалык кыла турган Түркия жана Австралиянын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Анда мөңгүлөрдүн эриши, криосферанын деградациясы, суу жана азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Мөңгүлөр жана криосфера боюнча тематикалык иш-чарада Динара Кемелова Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык демилгелерин тааныштырып, гляциолог адистерди даярдоо жана мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү жаатындагы кызматташуунун маанисине токтолду.

Эл аралык эксперттердин маалыматына ылайык, эгерде 2100-жылга чейин дүйнөдөгү орточо температура 2,7 градуска жогоруласа, Кыргызстандагы Абрамов мөңгүсү толугу менен жок болуп кетүү коркунучуна кептелиши мүмкүн.

Учурда Кыргызстандын делегациясы тоо экосистемаларын жана тоолуу жамааттардын көйгөйлөрүн глобалдык климаттык күн тартибине киргизүү, ошондой эле бул багыттагы демилгелерди каржылоо боюнча эл аралык колдоону кеңейтүү максатында эки тараптуу жолугушууларды улантууда.

Последние новости