www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Ошто «Байкөл» мончосу тургундарды ууландырууда

Ош шаарынын Кулатов кичирайонунда «Байкөл» мончосу тургундарды ууландырууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов билдирди.

Депутатка аталган райондун тургуну кайрылып, мончодон чыккан көө абаны булгап, алардын чечилбеген көйгөйүнө айланганын билдирген.

«Биздин үйдүн жанында мончо бар. 10 жылдан бери жаптыра албай койдук. Абаны аябай булгап, жайы-кышы адамды кууратты. Жергиликтүү телеканалдар тартып көрсөтүштү, жыйынтык болбоду. Прокуратура, мэрияга да арыз бат-баттан жазылат, эч реакция жок.

Терезени ача албайбыз. Балдарыбыз уууланып келет. Жакын турган үйлөрдүн баарына зыян келтирип жатат. Мэрия, экотехинспекция билет. Бирок унчугушпайт. Тааныштары окшойт. Болбосо мынтип абаны булгаганы үчүн дароо жаптырмак», — деген тургун, депутаттан бул маселени чечүүгө жардам сураган.

Депутат Ош шаарынын тургуну жөнөткөн видео менен «Фейсбуктагы» баракчасына бөлүшүп, «Ош шаарынын Кулатов кичирайонунун тургундарын ууланткан «Байкөл» мончосуна чара көрүлөбү?» деген суроо салды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости