www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча позициясын билдирген. Бул боюнча «Ыйман Нуру» фракциясы кезексиз жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында фракция лидери билдирди.
«Биздин фракциянын 10 мүнөтүн бердик эле, бирок биз менен макулдашпай туруп, учурда мамлекетке керектүү маселе боюнча өзүнүн жеке оюн айтып, элди дүрбөлөңгө салып, туура эмес позиция кылган үчүн түшкү тыныгууда фракциянын кезексиз жыйынын өткөрөбүз. Депутат менен сүйлөшүп, чечим кабыл алабыз»,- деди ал.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов трибунада сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча позициясын билдирген. Ал 7 күндөн бери эч нерсе деп унчукпай келгенин, документтерди карап чыкканын айткан.
«Биздин эгемендүүлүгүбүз боюнча сөз болуп жатат. Лейлек, Сүлүктү анклав болуп калган абалга келип калышыбыз мүмкүн» деген ал.