www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева менен кезексиз жыйын жана депутаттардын элди уу-дуу кылган “отпускнойу” тууралуу баарлаштык.
-Айнуру Тойчиевна, бизге жеткен маалыматтарга караганда шайлоо мөөнөтүн кезексиз жыйын аркылуу жылдыруу аракети болуп жаткан экен. Ал маселе колдоо тапчудайбы?
-Кезексиз жыйында шайлоо маселесин кароо үчүн эмес, эки мыйзам боюнча чогулалы дегенди уккам. Шайлоону жылдыра салалы деген депутаттардын аракетин байкай элекмин. Кандай болгон күндө да шайлоо маселеси мыйзамда кандай жазылса, ошого ылайык гана чечим кабыл алышат. Анткени, депутаттар мыйзамдын чегинде гана иш кылышат.
-Эмнегедир 6-чакырылыштын депутаттарына көбүрөөк сын айтылды. Коомчулукта депутаттардын деңгээли, дээри жөнүндө көбүрөөк сөз болду. 6 –чакырылыштын депутаттары парламенттин кадырын түшүрдү дегенге макулсузбу?
-Туура, 6-чакырылыштын депутаттарына көбүрөөк сын айтылды. Кээде сындар орундуу болсо, кээде орунсуз эле айтылып жатты. Жогорку Кеңеш ачык орган катары бардык жыйындарды, көп иш-чараларда ачыктыкка жол бердик. Демократиянын принциптерин сактадык. Ар бир жыйынды журналисттер түз чагылдырышты. Айрым учурда кемчиликтер кетти. Ал үчүн жалпы депутаттарды сындап, каралаган учурлар болду. 2-3 депутат жаңылып, сөздөрдү туура эмес айтып алса эле, 6-чакырылыштын депутаттарынын баарынын деңгээли төмөн болуп калбайт да. 6-чакырылышты кандай сындашпасын биз мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче иштедик. Элге кыянатчылык кылган жокпуз. Бир см жерди саткан жокпуз. Элге, мамлекетке керек мыйзамдарды кабыл алдык. Парламенттин көзөмөл функциясынын алкагында бир топ пайдалуу иштерди жасадык. Менчикке кете турган объектерди сактап калдык. Арзыбаган каражат менен менчикке чыгып кеткен ооруканаларды, бир канча бала-бакчаны мамлекетке кайтардык. Жеке мен сокулуктагы 20 миң сомго мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Шопоков атындагы оорукананы 7 жыл соттошсом да, мамлекетке кайтардым. Элге байкалбаганы менен мындай иштердин бир канчасын жасадык. Айтор, бизди сындашканы менен биз да ишибизге жоопкерчилик менен мамиле кылып, мамлекет үчүн пайдалуу иштерди жасоого аракет кылдык.
-Негедир пандемия башталгандан бери депутаттарга капа болгондор көп. Айлыгын которгондон башка да элге кол кабыш кылгандар болдубу?
-Болду. Сырттагы кишилерге анча байкалбаганы менен биздин депутаттардын көпчүлүгү патриот. Алар айлыкты алып эле отурайын дешпейт. Көпчүлүгү айлыгынан 10-30 эсе көп каражатты коротуп, айылынын маселесин чечүүгө аракет кылышты. Бири жол салса, бири бала бакча салды. Пандемия учурунда 3 айлыгыбызды медиктердин кем-карчына жумшалсын, биздин айлык күн-түн дебей иштеген өмүр сакчыларыбызга кошумча каражат болуп берилип, ишине стимул болсун, тамак –ашына жарасын деп республикалык штабга котордук. Кыскасы, депутаттар да айлыгын алып эле жатып алган жок. Баары колунан келген жардамдарын берип, элди апааттан сактап калууга жан үрөп жатышат.
-Андай болсо эмнеге коомчулукта депутаттардын “отпускнойу” боюнча түрдүү пикирлер айтылып, эл кыйналып жатса, ири суммадагы каражаттарды алды дегендей маалыматтар тарап жатат го?
-Мен билгени депутаттар андай чоң суммадагы каражат деле алышкан жок. Алса деле ар ким өзү каалагандарга жардам беришти. “Отпускнойун” алып, бекитип алгандар деле болбосо керек.
-Баса, социалдык сеттерде 320 миң сом “отпускной” алганыңыз тууралуу маалымат тарады. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
-Бул чындыкка дал келбеген маалымат. Мага 320 миң сом эмес, 89 миң сом “отпускной” чыкты. Аны Оштогу Кара-Суу районундагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын дарыларына накталай акча түрүндө 5 миң сомдон бөлүп бердим.
Булак: NazarNews.kg