www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даткаларга татыктуу сый керек

Алымбек Датка Кокон хандыгында алакандай кыргыздын таламын талашып, чоң кызматты аркалаган мамлекеттик ишмер. Ал эми Курманжан Датка "Алай Ханышасы" деген ардактуу наамга ээ көсөм энебиз. Алардын көмүлгөн жери Кара-Суу районуна караштуу айылдардын бири.

Азыр Ош мэринин демилгеси менен күмбөздөрү оңдолуп, түзөлүп жатат, бул аябай жакшы. Негизи, дүйнөнүн булуң бурчунда мындай баатырларын шаардын ортосуна көмүп, күмбөзүн ошого ылайык жасашат. Элдер келип, Куран түшүрүшөт, сырттан коноктор келсе, гүл коюп, таазим кылат, үйлөнгөн жаштар, мектеп окуучулары, жөнөкөй жарандар барат.

Маселен, Өзбекстанда Ислам Каримовдун күмбөзү Самаркант шаарынын ортосунда, Исмаил Сомонинин күмбөзү Бухара шаарынын ичинде. Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзү Анкарада жана мындай өрнөктөр толтура.

Жашырганда эмне, азыркы жана мурдагы муун Алымбек Датка менен Курманжан Датканын көмүлгөн жерине барган эмес. Чынын айтканда, Ошто же Алайда 85 пайыз элдер алардын кайда көмүлгөнүн билишпейт.

Мындан улам, Ош шаарынын ортосунан жер таап, ошол жерге которуш керек. Жаштар Алымбек Датканын баатырдыгын, Курманжан Датканын жанда жок акылдуулугун билип, турмуш жолдорунда ушундай көсөмдөрдү туу тутуп жашашы керек. Кара-Суунун кайсы бир кычыгына калтырып, күмбөзүн оңдоп койгон менен аларга сый көрсөтүлдү болбойт. Алымбек Датка жөнүндө элде өтө аз маалымат бар. Ал кишинин бейнесин ачып бералбадык, жаш муундарыбыз ким экенин да билбейт. "150 боз үй тигип, жер жайнаган союш союп, жеп, ичип, мактап, тарап кетебиз. Тойдун табияты ушул. Андан көрө, илимий конференцияларды өткөрүп, китептерди жазып, жаш муундарга тааныттуу иштери жүрсө, алда канча пайдалуу болмок.

Манас ОСМОН, журналист

 

Последние новости