www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште 4-мартта жол эрежесин одоно бузган айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин (ПДД) токтотулган жерде текшерүү боюнча мыйзам долбоору каралды.

Депутат Дастан Бекешев бул демилгеге каршы чыгып, мындай норма коррупцияны күчөтүшү мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, айдоочу тесттен өтпөй калса, инспекторго акча сунуштоо коркунучу жаралат. Ошондой эле, ал алгач жол инспекторлорунун өздөрүнүн билимин текшерүүнү сунуштады.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов башка өлкөлөрдө мындай тажрыйба жок экенин белгилеп, жаңы мыйзам сегиз беренени одоно бузган айдоочуларды жеринде текшерүүнү карай турганын айтты. Ал бардык кызматкерлерде боди-камералар бар экенин, пара алууга жол берилбесин кошумчалады.

Талкуу учурунда тараптар жол кырсыктарынын себептери боюнча да пикир алышты. ИИМ өкүлү негизги себеп ылдамдыкты сактабаганда экенин айтса, депутат инфраструктуранын начардыгын жана көзөмөлдүн жетишсиздигин белгиледи.

Последние новости