www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 28-мартта дарыгерлерге иш учурунда кол салгандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча парламент депутаттары катышкан коомдук угуу өттү. Жыйынга Бишкек шаарындагы ооруканалардын дарыгерлери, медициналык окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгечилердин бири Жанарбек Акаев медицина кызматкерлерине кол көтөргөндөр үчүн атайын берене жок экенин белгиледи.

"2023-жылы 2125 дарыгер иштен кетиптир. Жүздөгөн медицина кызматкери Орусия жумуш издеп кеткен учурлар бар. Мындан тышкары, дарыгерлердин айлык маянасын да көтөрүүнү демилгелейбиз, ошол эле убакта аларга да жоопкерчилик күчөйт", - деди Акаев.

Жыйында дарыгерлер айлык маянанын аздыгы, бейтаптар кол салган учурлар жана жумуш учурунда уруксатсыз кирген блогерлер маселесин көтөрүштү.

"Бул блогерлерге мыйзам чегинде чара колдонсо болобу? Блогерлер жоопкерчиликсиз адамдар экен. Адамдарды жаман көрсөтүп, мекеменин аброюн түшүрүп кетип калат экен. Канчалык ак болсоң дагы кийин далилдей албайт экенсиң", - деди дарыгерлердин бири.

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты иш учурунда медициналык кызматкерлердин ден соолугуна залал келтиргендерге жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун 13-мартта коомдук талкууга алып чыккан.

Ага ылайык, дарыгерлердин ден соолугуна жеңил залал келтирип, олуттуу эмес материалдык зыян кылгандарды эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартып же 200 миңден 500 миң сомго чейин айып салуу сунушталды. Долбоордо медициналык кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө оор залал келтиргендерди үч жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргызстанда акыркы учурларда өз милдетин аткарып жаткан медкызматкерлерге кол салуулар көбөйдү. 19-февралда Бишкектеги Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүнүн медайымын бейтаптардын биринин тууганы сабаган.

Февралдын башында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары ур-токмокко алган. Ак халатчандарды урду деп айыпталган адамды милиция кармап, кийин ал үй камагына чыккан.

Ушундай эле окуя ага чейин Бишкекте да болуп, медкызматкерлер менен бейтаптардын мамилеси талкууга түшкөн. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда “Тез жардамдын” догдурлары кол салууга кабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости