www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан экономиканын өсүү көрсөткүчү боюнча Евразия экономикалык биримдигине кирген башка өлкөлөрдү ашып өтүүдө. Бул тууралуумаалымат жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билидирди.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстандын экономикасы өткөн жылдын сентябрь айынан тарта оң тенденцияны көрсөтө баштады.

"Ал эми андан кийин өсүш болжол менен 0,1% түздү. Ошол жылдын аягында өкмөттүн макулдашылган ишинин жана аракеттеринин аркасында 3,6%га жетишүү мүмкүн болгон. Бүгүнкү күндө көрсөткүчтөр дагы да жакшыраак болууда. 8 айдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүү темпи 8%ды көрсөттү. Бүгүн биз ЕАЭБдеги өнөктөштөрүбүздөн пайыздык көрсөткүчү боюнча алдыдабыз", - деди министр.

Ал Кумтөр алтын кенинин республиканын карамагына толук өтүүсү менен кийинки жылдан тарта өндүрүш көрсөткүчү мурдагыдай бөлүп көрсөтүлбөстөн чогуу көрсөтүлө баштай турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости