www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 15-ноябрында Чүй ОИИББнүн нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айылынын жанында массалык мушташ коомчулукка кызуу талкууга түшүп, бир нече жарандар камакка алынган. Болуп өткөн окуя тууралуу бийликтин өкүлү Дайыр Орунбеков соцтармагына билдирүү жасады.
-- Кечээ жакында курулуш багытында келип иштеп жаткан кытайлык жарандар менен кыргыз жарандары уруша кетишкен. Алар, курулуш багытында кум-шагыл ташыган унааларды башкарып жүрүп, жол талаша кетиптир.
Окуяга катышкан кытай жарандарынын өздүгү такталып, укук коргоо органдары иш жүргүзүп жатат.
Мына ушул окуяны чагымчылдар жеке кызыкчылыгына пайдаланып, “кокуй кытай каптап кетти, мына бизди уруп-сабап баштады”-деп улут аралык кастык жараткан пикирлерди таратып жатышат.
Эми, адам бар жерде уруш-талаш боло берет экен, адамдын табияты ошол. Ал улутка же рассага карабайт. Мисалы, биздин 1,5 миллиондон ашык кыргызстандык жарандарыбыз деле башка өлкөлөрдө иштеп жүрөт, биздеги кытайдар сыяктуу. Алар деле кээде урушуп, жанжалдаша кеткен окуяларга туш болушат. Андыктан чагымчылдарга азгырылбагыла.
Эми, “кытайлар басып кетти” дегендерге жооп.
Ооба, бизде курулуш иштери көп жүрүп жатат. Жумушчулар тартыш, ошого байланыштуу кытайдан убактылуу келип иштегендер бар.
Дагы бир негизгиси, бизде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталган. Ал багытта дагы кытай жумушчулары иштеп жүрүшөт. Себеби, кытай технологиясы менен жүргүзүлгөн курулуштарга кытай адистери тартылууда.
Кытай жарандары үчүн виза режими бар, визасы бүткөндө чыгып кетишет. Ал эми окуяны ашыра жазып, чагымчыл кылып жаткандар өлкөгө өнүгүү жана тынчтык каалабагандар.
Мыйзам иштейт, ким экенине карабай, жарандыгына карабай, Кыргызстандын мыйзамын бузса - ал тийешелүү жазасын алат.
Ал эми, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтсө, мамлекетибиз жылына 500 миллион доллардан ашык кирешелерди табат. Бул Кумтөрдүн кирешеси менен бирдей эле болуп калат. Алтынды казсаң түгөнөт, ал эми темир жолдун келечеги түбөлүк, кирешеси дагы түбөлүк. Эң башкысы тупик өлкө болбой, дүйнөгө, дениз жолдоруна чыгабыз. Азыр дүйнөгө чыгуу мүмкүнчүлүктөрүбүз унаа жол аркылуу, көз карандыбыз.
Андыктан, чагымчылдык кылып, “Кыргызстан темир жолун курбай калса, тупикте жашап, көз каранды эле болуп отура берсе”-деген күчтөрдүн чырагына май тамызбай, кенен ойлонуп, келечекти карайлы туугандар! - деп жазды Дайыр Орунбеков.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 15-ноябрында Чүй ОИИББнүн нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айылынын жанында массалык мушташ болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя боюнча маалымат катталып, дароо текшерүү иштери башталган.
КР УКМК жана Чүй ОИИБ биргелешип түзгөн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, алдын ала териштирүүнү жүргүздү. Анын жүрүшүндө айылды жанындагы карьерден кум жана шагыл ташып жүргөн эки компаниянын айдоочулары жолду бөлүшө албай чырдашып, жаңжал кийин мушташка айланып кеткени аныкталды.
Мушташтын кесепетинен жабыркаган бир адам — 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну Чүй облустук ооруканасына кайрылган. Дарыгерлердин алдын ала корутундусу боюнча ал жабык баш мээ травмасын, мээнин чайкалышын, желке бөлүгүндөгү кан куюлуну жана жумшак ткандардын көгөрүүсүн алган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга катышкан бардык адамдар аныкталып, жалпы 44 жаран Чүй ОИИББге жеткирилди. Алардын ичинен 16 адам КР КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
КР УКМК жарандарды текшерилген, ишенимдүү маалыматтарды гана таратууга чакырат. Текшерилбеген же атайылап бурмаланган маалымат коомчулукту адаштырып, укук коргоо органдарынын ишине тоскоолдук жаратат. Ошондой эле атайылап жалган маалымат тараткан учурда мыйзамда каралган жоопкерчилик бар экенин эскертет.