www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыз табылды

Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чарасынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан жаран Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 21-февраль күнү 2010-жылдын 21-ноябрында төрөлгөн Айжанат Акжолова Ош шаарында жүргөн жери аныкталып, Кара-Суу РИИБге алынып келинди. Жашы жете элек кызга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энесине кошуп берилди. 

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда 2026-жылдын 17-февраль күнү Кара-Суу районунун 2010-жылы төрөлгөн Акжолова Айжанат аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. 

Последние новости