www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев Улуу Британиянын Азербайжан жана Борбор Азия боюнча соода өкүлү, Лорддор палатасынын мүчөсү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анда маанилүү минералдык ресурстарды өздөштүрүү, инвестиция тартуу, перспективдүү объекттерди геологиялык изилдөө жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери каралды.
Ошондой эле экологиялык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү, геологиялык маалыматтардын сапатын жогорулатуу, адистердин потенциалын өнүктүрүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелерине көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар перспективдүү долбоорлор боюнча техникалык консультацияларды жана практикалык кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын маанилүү минералдык ресурстар тармагындагы өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча макулдашылды.