www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушууда жолдошунун колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген белгилүү блогер, активист кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
«Бул окуя боюнча Фейсбук социалдык тармагында активдүү болгон Айбек Уланов аттуу блогер өзүнүн жеке баракчасында маркумдун аброюна шек келтирген, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялап, коомчулукту дүрбөлөңгө салып, кырдаалды туруксуздаштырган.
Бул факты Бишкек ШИИББ тарабынан көзөмөлгө алынып, анын жүрүшүндө 1994-жылы туулган жаран тергөө кызматына жеткирилген. Ал кылган аракеттерине өкүнүп, жарандардан жана маркумдун жакындарынан кечирим сураган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бирок кийинчерээк кайрадан түз эфирге чыгып, коомчулукка терс таасирин тийгизген билдирүүлөрдү жарыялап, кырдаалды курчуткан«,- деп айтылат маалыматта.
Ал эми, жогоруда көрсөтүлгөн тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылай ык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 1994-жылы туулган шектүү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чокморов айылынан кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Мындан тышкары, шектүү Республикалык наркология жана психиатрия борборуна жеткирилген. Медициналык экспертизанын жыйынтыгында анын баңгизаттарды колдонуудан кийинки мас абалында болгону аныкталган.