www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 18–19-июлунда саат 19:00дө Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин искусство чеберлеринин концерти жана гала-концерти өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында жана уюмга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын маданий программасынын негизинде уюштурулууда.

Концертке Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын чыгармачыл делегациялары катышат.

Программада ШКУга мүчө мамлекеттердин белгилүү чыгармачыл жамааттары менен өнөрпоздору өз өлкөлөрүнүн музыкалык, вокалдык, аспаптык жана хореографиялык өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн тартуулашат.

Иш-чарага кирүү акысыз. Уюштуруучулар бардык каалоочуларды бул өзгөчө маданий кечеге күбө болууга чакырат.

Последние новости