www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарынын түндүк четинде айланма жол курулушуна байланыштуу 5-апрелден тарта авариялык-куткаруу археологиялык казуу иштери жүрүүдө.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, иштер археолог, тарых илимдеринин кандидаты А. Абдыканова жетекчилиги алдында аткарылууда.

Долбоордун максаты — курулуш аймагындагы тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана комплекстүү изилдөө. Иштер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата пландалган 30 объекттин 22 си изилденип бүттү. Алардын ичинде 21 коргондук көмүү жайы жана бир ири таш-короо бар. Табылгалар эрте сак дооруна таандык болуп, алардын арасында керамикалык идиштер, коло шпилька жана таш оселок сыяктуу буюмдар кездешет.

Учурда адистер таш-короо объектисин терең изилдеп, анын датасын жана маданий өзгөчөлүгүн аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Жүргүзүлүп жаткан казуулар Ысык-Көл облусу аймагынын байыркы тарыхын изилдөөгө жана жаңы илимий маалыматтарды алууга маанилүү салым кошот.

Последние новости