www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң-Кеминде

Чоң-Кемин өрөөнүндө жаратылышты коргоого жана экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө багытталган "Ак илбирс экофест – Кемин 2026" экофестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Иш-чара мамлекетти, бизнести жана коомчулукту тоо экосистемаларын сактоо маселесинин айланасында бириктирүүчү маанилүү аянтча болмокчу.

Анда Кыргызстандын символу болгон ак илбирсти коргоого жана экологиялык туризмди жайылтууга, ошондой эле экологиялык маданиятты жана демилгелерди колдоо, тоолуу аймактарда туруктуу туризмди өнүктүрүү жана жаратылышты сактоо идеяларын эл аралык деңгээлде даңазалоого өзгөчө басым жасалат.

Последние новости