www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан эки баланы куткарып калган мектеп окуучусу сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков Даниил жана анын апасы Ирина Петровна менен жолугушту.

Окуучуга өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги үчүн район башчысы чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады. Ал эми ушундай камкор уулду тарбиялаганы үчүн апасына муниципалдык администрациянын Ыраазычылык каты тапшырылды.

Мындан тышкары, кафенин ээси Бахрам Кудайдатов Даниилге беш миң сомдук сертификат тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

Өткөн аптада 16 жаштагы Даниил Дриго эки баланын чөгүп жатканын көрүп, суудан алып чыккан. Өспүрүм машыгуудан кайтып келе жаткан учурда жардам сурап кайрылган үндөрдү уккан.

Даниил №52 орто мектептин 9 «А» классынын окуучусу. Ал кайык спорту менен алектенет, спорттун чебери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости