www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чоң-Алай райондук прокуратурасы ата-энесиз калган балдардын турак жайга болгон укуктарынын сакталышын текшерүү учурунда мыйзам бузууну аныктады.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесине жана Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, жетим балдар 16 жашка толгондон кийин турак жай аянтын кезексиз алуу укугуна ээ экендиги белгиленген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Шибээ жана Кара-Мык айылдарында жашаган эки ата-энесиз балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери мурда бөлүнбөй келгендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында аталган балдардын ар бирине 0,15 гектар өлчөмүндө жер тилкелери бөлүнүп берилди.