www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда бычак менен жаракат келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-мартта Токмок ШИИБине Токмок шаары, Ленин көчөсү дарегинде жаран бычактан жаракат алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барганда 18-мартта саат болжол менен 14:00 чамасында чыккан оозеки жаңжалдын натыйжасында 1976-жылы туулган Д.В. аттуу жаран ашкана бычагы менен 1986-жылы туулган С.А. аттуу өзүнүн шеригинин көкүрөк бөлүгүнө сайып жибергени аныкталган. Андан кийин Д.В. окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Алган жаракатынан улам С.А. Токмок шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (ден соолукка оор залал келтирүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1976-жылы туулган Д.В. Жазык-процесстик кодекстин 96-беренесине ылайык кармалып, Токмок шаарынын ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул факты боюнча бардык зарыл экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери улантылууда.