www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй региондук башкармалыгы Жайыл жана Панфилов райондорунда, ошондой эле Кара-Балта капчыгайында мыйзамсыз балык уулоо, аңчылык кылуу жана жайыттарга автотранспорт менен кирүү фактыларын аныкташты.
Экология министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, рейддердин жыйынтыгында укук бузуулар боюнча 10 протокол түзүлдү. Укук бузгандарга жалпысынан 25 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мыйзамсыз балык уулоонун 10 фактысы, мыйзамсыз аңчылыктын бир фактысы жана жайытка автотранспорт менен мыйзамсыз кирүүнүн бир фактысы катталган.
Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын, балыкчылардын, эс алуучулардын жана эс алуу зоналарынын ээлеринин арасында жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.