www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө ит талаган жарандын абалы айтылды

Чүй облусунда 43 жаштагы эркек кишини ит талады. Ал көптөгөн жаракаттары менен травматология бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Чүй облустук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Алмаз Аскаров билдиргендей, жабыркаган жаран медициналык мекемеге 12-сентябрда эртең мененки саат 07:30 чамасында түшкөн.

Эркек кишинин эки билегинде жана балтырларында көптөгөн жаракаттар, ошондой эле көкүрөк тушунда сыйрылган жана жанчылган жерлери бар экени аныкталган.

Жабырлануучуга кутурмага каршы вакцина эки жолу сайылып, АДС-М эмдөөсү жүргүзүлгөн. Ошондой эле ага антибактериалдык терапия дайындалды.

«Учурда бейтаптын абалы туруктуу. Жаракат алган жерлеринде бир аз сезгенүү бар, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деп жазылган маалыматта.

Последние новости