www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Чүй районунда жүргүзүлгөн тинтүү учурунда баңгизат каражаттары жана мылтыктын кыскартылган үлгүсү (обрез) табылып, алынды.
Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын август айынын экинчи жарымында Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине «Ботя» каймана аты менен белгилүү болгон адам Чүй районунун аймагында ок атуучу курал сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам тобу Чүй районунун Кош-Кошат айылындагы жаран С.Т., 1959-жылы туулган, убактылуу жашап турган үйгө барып, тинтүү жүргүзгөн.
Анын жүрүшүндө соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, 44,54 грамм гашиш жана 998,63 грамм кургатылган марихуана табылып, алынган.
Мындан тышкары, окуя болгон жерди кароо учурунда мылтыктын кыскартылган үлгүсү табылган. С.Т. куралды кароого чейин 3–4 күн мурда жашырганын түшүндүргөн.
Шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган.
Соттун чечими менен ага карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып, Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.