www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 1-августунда Жайыл РИИБдин 102 кызматына Суусамыр өрөөнүндөгү ооруканадан Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө болжол менен 18–19 жаштагы жаран «сууга чөгүү» жана «мээнин шишиги» деген алдын ала диагноздор менен жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.

Чүй ОИИББдан билдиришкендей, бул факт каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Тергөөдө аныкталгандай, Кожомкул айылынын тургуну А.А. достору менен Көкөмерен дарыясына балык уулоого барган. Ал ат менен дарыядан өтүп жаткан учурда ат тең салмактуулугун жоготуп, сууга кулап кеткен. Дарыянын катуу агымы аны бир нече метрге чейин агызып кеткенден кийин жанындагы достору куткарып чыгышкан.

Бирок көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, А.А. ооруканада каза болгон.

Аталган окуя боюнча 2025-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кандайдыр бир кылмыш жасалганын тастыктаган жетиштүү далилдер аныкталган эмес.

Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык жагдайларды объективдүү жана ар тараптуу тактоого багытталган кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркинбек Аширбаевдин эл менен жолугушуусунда маркумдун апасы уулунун өлүмү боюнча нааразычылыгын билдирген. Аталган кайрылуунун негизинде тергөө иштерин улантуу чечими кабыл алынып, окуянын бардык жагдайлары кайрадан кылдат текшерилип жатат.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.

Последние новости