www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Йемендин «Ансар Алла» (хуситтер) кыймылы Сауд Арабиясынын аймагындагы мунай объектилерине, аэропортторго жана аскердик буталарга баллистикалык ракеталар жана учкучсуз аппараттар менен сокку урганын билдирди. Бул тууралуу кыймылдын аскердик өкүлү Яхья Сариа 29-октябрда Telegram каналы аркылуу маалымдады.

Анын айтымында, жалпысынан алты аскердик операция жүргүзүлгөн. Алардын алкагында Рас-Таннурадагы мунай иштетүүчү заводго, Абкайктагы Saudi Aramco объектилерине жана Рабигдеги мунай иштетүүчү заводдорго сокку урулган.

Ошондой эле Эр-Рияддагы Король Халид атындагы эл аралык аэропорт ракеталык аткылоого кабылганы, ал эми Эд-Даммамдагы Король Фахд аэропортуна жасалган дрон чабуулунан кийин аба кыймылы токтотулганы айтылды.

Мындан тышкары, Наджран аймагындагы Сауд аскерлеринин командалык пункту бутага алынган. Хуситтердин өкүлү чабуулдардан аскер кызматкерлеринин арасында каза болгондор жана жаракат алгандар бар экенин билдирди.

Последние новости