www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарында уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБге А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 6-декабрь күнү саат 16:00дөн 22:00гө чейинки аралыкта белгисиз адамдар Токмок шаарындагы «А-Г» аттуу жайдын жанында токтоп турган жашыл түстөгү Mazda Premacy автоунаасына мыйзамсыз кирип, ичинен парфюмерия буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Анын кесепетинен жабырлануучуга олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү адамды аныкташкан. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, 1997-жылы туулган А.Д. экени белгилүү болгон. Шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата бөгөт чарасы катары эки айга камакка алуу чарасы тандалган.
Тергөө учурунда анын Токмок шаарында жасалган башка да окшош уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.