www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча шектелген күрөөкананын кызматкери кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1999-жылы туулган Ц.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “У.П.” күрөөканасында эксперт-баалоочу-кассир болуп иштеген жана материальдык жоопкерчилиги бар С.М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арызда көрсөтүлгөндөй, ал жаран жасалма насыя берүү иштерин жогорулатылган баада жүргүзүп, акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын ноябрь айынан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта С.М. аттуу жаран жалпы суммасы 4 000 000 сомду түзгөн акча каражаттарын ыйгарып алган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 1986-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.