www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 3-апрелинде Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кашка-Баш айылындагы каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Ал жерге Сокулук РИИБинин тергөө-ыкчам тобу барып, 2022-жылдын 3-апрелинде саат 15:40 чамасында 13 жаштагы У.А. аттуу жергиликтүү тургун жайлоодо мал кайтарып жүргөн учурда, аны белгисиз адамдар бычак менен коркутуп, телефонун тартып алып, мамлекеттик номери жок «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа менен изин жашырып кетишкени белгилүү болгон.

Арыз менен жабырлануучу баланын атасы 43 жаштагы Ж.Ж. аттуу жаран кайрылган.

Аталган факт Сокулук РИИБине 206-беренинин (Тоноо) негизинде катталып. Сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип 20 жаштагы И.А., 27 жаштагы Н.Э. жана 16 жаштагы О.Д. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөрдүн экөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан соң аларга карата райондук сот тарабынан 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости