www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 13-февралынан баштап Чүй облусунда ички иштер органдары тарабынан “Бандит” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул иш-чара криминогендүү абалды турукташтыруу, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, баңги заттарды колдонуу менен байланыштуу жана экстремисттик топтордун аракетин аныктоо жана токтотуу, ошондой эле тергөө жана сот органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды издөөгө багытталган. Ошондой эле мыйзамсыз сакталган курал, ок-дорлор, жардыруучу заттар жана баңги заттарды аныктоо жана алуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Рейддин алкагында аталган адамдар менен алдын алуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана текшерүү процедуралары, анын ичинде датилоскопиялоо үчүн жергиликтүү ШРИИБге жеткирилип, аларга мыйзам талаптары жана мыйзамсыз аракеттери жана жалган маалымат таратуу үчүн жоопкерчиликтери түшүндүрүлдү.
Рейд учурунда Чүй облусунун милиция кызматкерлери 53 кылмышты ачышты, анын ичинде уурулук, алдамчылык, мал уурдоо, тоноо, адамды уурдоо жана хулигандык аракеттер бар.
Мындан тышкары, жергиликтүү ШРИИБге 56 адам жеткирилди, алар Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катары турат, алар менен алдын алуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам талаптары түшүндүрүлдү.
Рейддик иш-чаралар уланууда. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулукту алдын алуу жана аныктоого багытталган бардык чараларды көрүп жатат.