www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө башка мамлекеттин жарандары Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан үйдө алдамчылык менен алектенип жаткандыгы аныкталган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ижарага алынган үйдө жашап, коюмдарды (ставкаларды) кабыл алган «Покер» онлайн-казиносун уюштурган башка өлкөнүн жарандарынын тобу кармалды. Тинтүү жүргүзүүдө күчтүү заманбап техникалык түзүлүштөрү менен жабдылган жабдуулар: системалык блоктор, спутниктик антенналар, электр менен жабдуу блогу, роутерлер алынган. Ошондой эле 23 мобилдик аппарат, ноутбук жана планшеттер алынган. Учурда аталган топтогу адамдардын аракеттеринен Кыргыз жарандарына келтирилген материалдык зыянды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости